Дүйнө, Жаңылыктар, Ош окуясы, Президент, Саясат, Спорт

III-Элдик Курултай 20-декабрь 2024 жылы өтөт.

  Урматтуу Кыгыз Республикасынын жарандары!   Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кезектеги III Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 11-статьяларына, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 71-статьяларына ылайык жарлыкка кол койду. Курултай- бул жалпы элдин үнүн бийликке түз жеткирүүчү, ийри отуруп түз кеңешүүчү площадка. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын өнүгүп өсүүсүнө, жалпы улуттук бримдикте күчтүү …

Жаңылыктар

ОРУС, КАЗАК ГЕОСАЯСИ МАМИЛЕСИ БИЛИНБЕЙ СОЛГУНДОДОБУ?

ОРУС, КАЗАК ГЕОСАЯСИ МАМИЛЕСИ БИЛИНБЕЙ СОЛГУНДОДОБУ? СССР ыдыраган мезгилде  Казакстан союздук республикалардын ичинен эң акыркы болуп эгемендүүлүгүн 1991-жылы декабрда жарыялаган. Казакстан Евразиянын чок ортосунда жайгашкан бай маданий жана тарыхый мураска ээ уникалдуу өлкө экенин жакшы билебиз. Анын ыңгайлуу географиялык абалы, бай жаратылыш ресурстары жана туруктуу экономикасы ага Борбордук Азиядагы эң гүлдөгөн өлкө болууга мүмкүнчүлүгү бар. …

Жаңылыктар

Б.ЖУМАБАЕВА: УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТ ЯЧЕЙКАЛАРДЫ ТАЛАП-ТОНОП, СВЕТТИН БААСЫН ЭКИ ЭСЕ ЖОГОРУЛАТТЫ 11.08.2023

Бактыгул Жумабаева: 2010-жылы биз эл үчүн Нарында митинге чыкканбыз. Ал кездеги оппозициянын, кийинки Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү бизди пайдаланып кетти. А.Бекназаров баштаган топ адамдар менин үйүмдө төрт, беш күн жашаган. Убакыттан пайдаланып, биздин үстүбүздөн тон бычып, далай акчаларды жешиптир. Элдин ырыскысына кол салып, банктагы ячейкаларды талап-тоноп, тамекиге акча сурап жүргөндөр, революциядан кийин эбегейсиз байып кетишти.

Жаңылыктар

Кыргызстанда туристтер үчүн дагы бир санарип сервис иштей баштады

Кыргызстанда туристтер үчүн дагы бир санарип сервис ишке киргизилди. Бул тууралуу «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Жазгүл Кийизбаева билдирди. Анын айтымында, эми туристтер Калкты каттоо департаментинин сайтынан каттоодон өтө алышат. «Бул үчүн кабыл алуучу тарап сиздин жеке кабинетиңизге кириши керек, ал үчүн өздүгүн тастыктоочу документтердин маалыматтары, ошондой эле турак жайга менчик укугун …

Жаңылыктар

Бишкекте мотоциклдин катышуусунда жол кырсыгы катталды

Күн мурун Бишкектин Горький — Элебаев көчөлөрүнүн кесилишинде мотоциклдин катышуусунда жол кырсыгы катталды. Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, болжол менен саат 20:50лөр чамасында «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу мотоцикл менен сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен мотоциклдин П.О. аттуу айдоочусу оорукана жеткирилген. Тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Жаңылыктар

Бишкекте мыйзамсыз салынып жаткан үйдүн курулушу токтотулду

 Бишкектин Севастопольская көчөсү, 8 дарегинде мыйзамсыз курулуп жаткан көп кабаттуу үй аныкталып, курулушу токтотулду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, Бишкек шаардык архитектура жана шаар курулуш башкармалыгы тарабынан шаардык прокуратуранын жана Экономика министрлигинин көрсөтмөсүнүн негизинде пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүлгөн. «Текшерүүнүн жыйынтыгы менен куруучу «Кыргыз Интер Строй» ЖЧКсына КР «Шаар куруу жана архитектура жөнүндө» мыйзамынын талаптарын …

Жаңылыктар

Чек ара кызматы: Кыргыз-казак чек арасында унаалар АМТ ишиндеги мүчүлүштүктөргө байланыштуу топтолууда

Бүгүн, 28-июлда Казакстандын аймагында Кыргызстанга чыгуу тарапта жүк ташуучу транспорт каражаттарынын топтолуусу катталууда. Бул УКМК Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгынан билдиришти. Алдын ала маалыматтарга караганда, күн мурун, 27-июлда саат 22:50дөн баштап “Ак-Тилек-автожол”, “Чоң-Капка-автожол”, “Чалдыбар-автожол”, “Ак-Жол-автожол” көзөмөл-өткөрүү жайларында белгисиз себептерден улам Мамлекеттик салык кызматынын “Жыйынды посту” автоматттык маалыматтык тутумунун (АМТ) ишинде мүчүлүштүктөр катталган. АМТ …

Жаңылыктар

Кызамык менен ооруган адам менен байланышта болгондо эмне кылуу керек?

 Республикалык штабдан кызамык менен ооруган адам менен байланышта болгондо эмне кылуу керек экендгиги тууралуу айтып беришти. Белгиленгендей, илдеттин алгачкы белгилери билине баштаганда же балаңыз кызамык менен ооруган адам менен байланышта болсо, дароо үй-бүлөлүк дарыгерге кайрылуу зарыл. Эгерде сиз байланыштан кача албасаңыз, анда төмөнкү чараларды көрүшүңүз керек: Эгер балаңыз кызамыкка чалдыкса, тилкелик дарыгерге кайрылыңыз. Ал балаңызды …

Жаңылыктар

Ысык-Көлдөгү өлүмгө алып келген аттракцион кырсыгы. Шектүү камактан бошотулду

Ысык-Көл райондук соту тарабынан Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү беренеси менен айыпталып жаткан 16 жаштагы өспүрүм балага баш коргоо чарасы тандалды. Маалыматты “Кабар” агенттигине райондук соттон тастыкташты. Соттон белгилешкендей, өспүрүм 18 жашка чыга элек жана кылмыш этиясыздыктан улам жасалган. Учурда кылмышка шектүү КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 111-беренесинин негизинде мыйзамдуу өкүлүнүн кароосуна өткөрүп берилди. Эске салсак, 23-июлда саат …