Урматтуу Кыгыз Республикасынын жарандары!
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кезектеги III Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 11-статьяларына, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 71-статьяларына ылайык жарлыкка кол койду.
Курултай- бул жалпы элдин үнүн бийликке түз жеткирүүчү, ийри отуруп түз кеңешүүчү площадка. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын өнүгүп өсүүсүнө, жалпы улуттук бримдикте күчтүү жарандык коомдун өсүшүнө салым кошот. Ошого активтүү катышып, кара кылды как жарган, калыстыктан тайбаган, татыкттуу инсандарды шайлп бериңиздер!
Элдик Курултай Кыймылы (Элдик демилгелер борбору. egemen.kg )