Күн мурун Бишкектин Горький — Элебаев көчөлөрүнүн кесилишинде мотоциклдин катышуусунда жол кырсыгы катталды.
Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, болжол менен саат 20:50лөр чамасында «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу мотоцикл менен сүзүшкөн.
Кырсыктын кесепетинен мотоциклдин П.О. аттуу айдоочусу оорукана жеткирилген. Тиешелүү экспертизалар дайындалды.