Бактыгул Жумабаева: 2010-жылы биз эл үчүн Нарында митинге чыкканбыз. Ал кездеги оппозициянын, кийинки Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү бизди пайдаланып кетти. А.Бекназаров баштаган топ адамдар менин үйүмдө төрт, беш күн жашаган. Убакыттан пайдаланып, биздин үстүбүздөн тон бычып, далай акчаларды жешиптир. Элдин ырыскысына кол салып, банктагы ячейкаларды талап-тоноп, тамекиге акча сурап жүргөндөр, революциядан кийин эбегейсиз байып кетишти.
