III-Элдик Курултай 20-декабрь 2024 жылы өтөт.

  Урматтуу Кыгыз Республикасынын жарандары!   Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кезектеги III Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 11-статьяларына, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 71-статьяларына ылайык жарлыкка кол койду. Курултай- бул жалпы элдин үнүн бийликке түз жеткирүүчү, ийри отуруп түз кеңешүүчү площадка. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын өнүгүп өсүүсүнө, жалпы улуттук бримдикте күчтүү …

Садыр Жапаров жубайы менен Бишкекте шайлоодо добуш берди

 Өлкө башчы Садыр Жапаров жана канайым Айгүл Жапарова №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын шайлоодо добуш берди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады. Мамлекет башчысы жубайы менен Бишкектеги №1053 шайлоо тилкесине барган.

Садыр Жапаров футзал боюнча турнирде мыкты чабуулчу аталды

Садыр Жапаров футзал боюнча «Мурас» турниринде мыкты чабуулчу аталды. Президент жалпы жонунан 11 гол киргизип, экинчи жыл катары менен эң мыкты чабуулчу болду. Жапаровдун командасы «Мураста» үчүнчү орунду ээледи. Ал алгач саламаттык сактоо тармагынын өкүлдөрүнө жеңилип, андан соң коло үчүн таймашты жеңип алды.

Садыр Жапаров аскер кызматкерлерин жана ардагерлерди Куралдуу күчтөр күнү менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров бүгүн өлкөнүн аскер кызматкерлерин жана ардагерлерин Куралдуу күчтөр күнү менен куттуктады. Төмөндө мамлекет башчысынын куттуктоосу: “Урматтуу жоокерлер, офицерлер жана генералдар! Куралдуу күчтөрдүн кадырлуу ардагерлери! Урматтуу мекендештер! Сиздерди бүгүнкү Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн күнү менен чын дилимден куттуктаймын! Бизди, жалпы мекендештерибизди бириктирип турган бир максат — күчтүү жана өнүккөн Кыргызстанды куруу. Мына ушул …