ОРУС, КАЗАК ГЕОСАЯСИ МАМИЛЕСИ БИЛИНБЕЙ СОЛГУНДОДОБУ?
СССР ыдыраган мезгилде Казакстан союздук республикалардын ичинен эң акыркы болуп эгемендүүлүгүн 1991-жылы декабрда жарыялаган. Казакстан Евразиянын чок ортосунда жайгашкан бай маданий жана тарыхый мураска ээ уникалдуу өлкө экенин жакшы билебиз. Анын ыңгайлуу географиялык абалы, бай жаратылыш ресурстары жана туруктуу экономикасы ага Борбордук Азиядагы эң гүлдөгөн өлкө болууга мүмкүнчүлүгү бар.
Казакстан жаратылыш ресурстарынын запасы боюнча дүйнөдө 6-орунда, мунай затынын чалгындалган запастары боюнча дүйнөдө 12-орунда, жаратылыш газынын запасы боюнча 14-орунда турса дагы эгемендик алууда Россиядан кылчактап толугу менен кол үзө алган эмес.
Казакстан менен Россия аймактык жана экономикалык жактан КМШнын эң ири өлкөлөрү. Бирок алардын эки тараптуу кызматташуусуна акыркы жылдары бардык маалымат каражаттары менен саясатчылардын кайым айтышуусунан байкаса болот. Украинадагы согуштан улам Орусиянын кээ бир саясатчылары ачыктан ачык эле мамлекеттик телеканалдарда жана Госдумада Казакстанга чек ара боюнча доомат коюшуда. Казакстан кайым аштышуудан четтегени менен, Орусиядан алынган даары дармек жана башка Казакстанга кирген ири товарларга карама каршылык көргөзүүдө дейт Казакстан боюнча эксперттер. Натыйжада “эки дөө кагышса, ортодо бээ ажал чымын өлөт” болуп жеке ишкерлер жапа чегүүдө. Жамааттык коопсуздук келишими бүгүнкү күндө ЖККУнун шалаакылыгынан көп сынга алынууда, бирок сыртан бир бирине кыр көрсөткөнү даана эле байкалып туру.
Орусияда Украина кризиси болбогондо чек ара мамлеси Казакстанга карата ачыктан ачык эле башталмак. Азырынча көмүскө тирешүүлөрү бири бирине ыргыткан майда таштары менен чектелип турат. Орустун саясатчылыры телерадиодон, Госдумадан Казакстанга койгон аймактык дооматтары тынбай айтып жатса, Казакстан чек ара жана башка жактардан түйшүктөрдү жаратууда. Казак бизмесмендери Орусиядан алып келинген вакциналар “Ветеринардык көзөмөл жана текшерүү кызматы” тарабынан жараксыз деп табылып, кетирген ири каражаттары жок болду деп даттанууда. Чынында эле, ишкерлер оор жагдайга кабылышты, бирок, ошол жараксыз деген вакциналар Казакстанда утилизация кылынбай тескерисинче малдарга колдонууда экенин айтышууда. Демек, бул дагы жөн жерден чыккан иш эмес экеи көрүнүп калды, болбосо бул иштер боюнча чыгарылган Жогорку Соттун чечимдери Президенттин ишкерлерди колдоодогу «адилеттүүлүк жана адилеттүүлүк» жөнүндө айтылган сөздөрү суу кечпей калгандай көрүнөт.
Натыйжада ишкерлер, аргасыз үй жайын таштап чет жакка чыгып кетиштен башка айласы калган жок экенин айтууда. Казак менен Орус мамилеси дүйнөлүк геополитикада кандай деңгээлге чыңалып чыгуусун азырынч айтуу кыйын, буга Украинадагы согуштун жыйынтыгы чекит коюшу мүмкүн. Кийинки кадамдар кандай болот экен деп азырынча дүйнөлүк аналитиктер көз салууда.