30-майда Ишкерлер кыймылы менен Либерал-демократиялык партиянын 30-майдагы съездинде Өзбекстандын азыркы мамлекеттик башчысы Шавкат Мирзиёевди президенттикке талапкер катары бекитти. Бул тууралуу партиянын басма сөз кызматы билдирди. Президенттик администрацияга жакын “Источник” Телеграм каналы билдиргендей, президент шайлоо алдындагы программасында өнөр жайдагы “мегадолбоорлор”, Улуттук социалдык камсыздоо агенттигин түзүү, автоунаалардын чыгарууну көбөйтүү жөнүндө айткан. Мыйзамга ылайык, Либерал-демократиялык партия президенттикке талапкер …
“Эл үмүтү” стипендиясына талапкерлерди каттоо үчүн атайын сайт иштеп баштады
Президенттин “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясына катталуу үчүн атайын сайт иштеп баштады. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Ведомствонун маалыматына караганда, талапкерлердин документтерин онлайн кабыл алуу 1-июндан 30-июнга чейин жүргүзүлөт. «Үмүт» порталы аркылуу каттоо формасын толтуруп, талап кылынган документтерди жүктөө керек. Ошондой эле документтердин оригиналын министрликтин 3-кабатында жайгашкан 317-кабинетине тапшыруу …
Жогорку Кеңеш мамлекеттик тил боюнча мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алды
Бүгүн, 31-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын долбоору үчүнчү окууда каралып, жактырылды. Демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы. Жыйында баяндама жасаган Социалдык саясат боюнча комитеттин төрайымы Винера Раимбачаева белгилегендей, мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилин колдонуунун укуктук негиздерин түзүүгө жана мамлекеттик тил саясатын ишке ашырууга багытталган. “Сунушталган мыйзамдын долбоору колдонуудагы “Кыргыз …
Башкы прокурор депутаттардан Мадумаровду жоопко тартууга макулдук сурады
Бүгүн, 31-майда Жогорку Кеңештин жалпы жыйында Башкы прокуратура депутат Адахан Мадумаровду кылмыш жоокерчилигине тартууну боюнча сунушу келип түштү. Бул тууралуу жыйын учурунда ЖК төрагасы Нурланбек Шакиев билдирип, комиссия түзүү керектигин билдирди. Бул маселени иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүлүп, ага ар бир фракциядан жана депутаттык топтон бирден депутат кирди. Жобого ылайык, түзүлгөн комиссия белгиленген мөөнөттүн ичинде …
Жапаров: Жемкорлук кылгандар акчаны 10 эселеп кайтармайынча түрмөдөн чыкпайт
Тамчыга жаңы салынган эки аялдама боюнча Садыр Жапаров пикирин айтты. Өлкө башчы аялдаманы алгач көргөндө даараткана деп ойлогонун билдирди:«Тамчынын аэропортунан чыгып келе жатсам жолдун жээгинде, кечиресиздер орой сүйлөсөм, даараткана турат. Тагыраагы, даараткана сыяктуу аялдама турат. Токтогон жокмун, бирок телефон чалып: «Жакында эле жок эле, муну ким курду, кайсы акчага, канча сомго курду? десем Башкы прокуратура …
Капитализация Nvidia превысила $1 трлн
Reuters Во вторник Nvidia Corp ненадолго присоединилась к элитному клубу американских компаний с рыночной стоимостью в 1 триллион долларов, когда инвесторы влились в производителя чипов, который быстро стал одним из крупнейших победителей бума в области искусственного интеллекта. Только четыре другие американские компании в настоящее время имеют оценку более $1 трлн — Apple Inc, Alphabet Inc …
Депутат Талиева кыргызстандыктарды «крокодил» деп атаган дипломатты жазалоого чакырды
Бүгүн, 31-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Камила Талиева «Дипломат ири эл аралык иш-чарада кыргыз элин шылдыңдады» деп билдирди. Анын айтымында, ал эч качан ушак-айыңга, ички чыр-чатакка аралашкан эмес жана кайсы бир улутту бөлүп көрсөтпөгөн, бирок бүгүнкү жыйында мамлекеттик тил боюнча мыйзам долбоору кабыл алынарына байланыштуу ызы-чуу тууралуу сөз кылууну туура көргөн. «Дипломат, профессор, тарых илимдеринин кандидаты, Тышкы …
700 миңге жакын адам жашайт. Асман шаарынын курулушуна 30-июнда старт берилет
Ысык-Көлдөгү Асман эко-шаарынын курулушуна 30-июнда капсула салынат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Чолпон-Ата шаарындагы маданият жана эс алуу паркын ачып жатып билдирген. Мамлекет башчысы капсула салынышы пландалып жаткан шаардын долбоорун даярдоого 1 -2 жылдай жылдай убакыт кеткендигин айтты. «Асман шаарынын долбоору даяр болуп калды. 30-июнда кутучасын салабыз. Ал шаарда 500 миңден 700 миңге чейин адам …
31-майга карата күтүлгөн аба ырайы
Кыргызгидромет борбору өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты. Ага ылайык, бүгүн, 31-майда Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жана Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын …
Кыргызстанда бир суткада 19 өрт кырсыгы катталды
Кыргызстанда бир суткада 19 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 2, Ош шаарында 1, Ысык-Көл облусунда 2, Чүй облусунда 4, Ош облусунда 4, Баткен облусунда 3, Жалал- Абад 2, Талас облусунда 1 өрт кырсыгы катталган. Алсак, Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Васильевка айылында короодо жыйылган 2 миң түк чөп …