Жаңылыктар

Шавкат Мирзиёев президенттикке талапкерлигин койду

30-майда Ишкерлер  кыймылы менен Либерал-демократиялык партиянын 30-майдагы съездинде Өзбекстандын азыркы мамлекеттик башчысы Шавкат Мирзиёевди президенттикке талапкер катары бекитти. Бул тууралуу партиянын басма сөз кызматы билдирди.

Президенттик администрацияга жакын “Источник” Телеграм каналы билдиргендей, президент шайлоо алдындагы программасында өнөр жайдагы “мегадолбоорлор”, Улуттук социалдык камсыздоо агенттигин түзүү, автоунаалардын чыгарууну көбөйтүү жөнүндө айткан.

Мыйзамга ылайык, Либерал-демократиялык партия президенттикке талапкер Шавкат Мирзиёевди каттоо өтүнүчү менен Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылат.

Вам также может понравиться...

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *