Бүгүн, 31-майда Жогорку Кеңештин жалпы жыйында Башкы прокуратура депутат Адахан Мадумаровду кылмыш жоокерчилигине тартууну боюнча сунушу келип түштү. Бул тууралуу жыйын учурунда ЖК төрагасы Нурланбек Шакиев билдирип, комиссия түзүү керектигин билдирди.
Бул маселени иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүлүп, ага ар бир фракциядан жана депутаттык топтон бирден депутат кирди. Жобого ылайык, түзүлгөн комиссия белгиленген мөөнөттүн ичинде ишти тергеп чыкмакчы.