Жаңылыктар

700 миңге жакын адам жашайт. Асман шаарынын курулушуна 30-июнда старт берилет

Ысык-Көлдөгү Асман эко-шаарынын курулушуна 30-июнда капсула салынат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Чолпон-Ата шаарындагы маданият жана эс алуу паркын ачып жатып билдирген.

Мамлекет башчысы капсула салынышы пландалып жаткан шаардын долбоорун даярдоого 1 -2 жылдай  жылдай убакыт кеткендигин айтты.

«Асман шаарынын долбоору даяр болуп калды. 30-июнда кутучасын салабыз. Ал шаарда 500 миңден 700 миңге чейин адам жашайт деп пландоодобуз. Аянты 4 миң гектарды түзөт», — деди президент.

Садыр Жапаров Асман шаарын тыштан келген инвесторлор саларын кошумчалады.


Белгилей кетсек, президент буга чейин «Кабар» агенттигине берген маектеринин биринде шаар сөзсүз салынарын жана анын келечеги кең экендигин белгилеген эле.

Вам также может понравиться...

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *