Жаңылыктар

Жапаров: Жемкорлук кылгандар акчаны 10 эселеп кайтармайынча түрмөдөн чыкпайт

Тамчыга жаңы салынган эки аялдама боюнча Садыр Жапаров пикирин айтты. Өлкө башчы аялдаманы алгач көргөндө даараткана деп ойлогонун билдирди:«Тамчынын аэропортунан чыгып келе жатсам жолдун жээгинде, кечиресиздер орой сүйлөсөм, даараткана турат. Тагыраагы, даараткана сыяктуу аялдама турат. Токтогон жокмун, бирок телефон чалып: «Жакында эле жок эле, муну ким курду, кайсы акчага, канча сомго курду? десем Башкы прокуратура бир аптадан кийин маалымат берди. Айыл өкмөт 840 миң сомго куруптур, Кумтөрдөн фондго түшкөн акчанын эсебинен жасалыптыр. Мен ошону 40 миң сомго да курбайт элем, 20 миң сомго эле курмакмын. Мына бүгүн эки эселеп акчаны кайтарып жатат. Ал эми өзүм замандын талабына ылайык келген жаңы аялдамалардын долбоорун жасаттым, 328 миң сом болот экен. Эми 5 күндөн кийин ошол аялдаманы көрөсүздөр. Анан мурункусу менен салыштырып көрүңүздөр», — дейт ал.

Вам также может понравиться...

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *