Жаңылыктар, Ош окуясы

“Энелердин көз жашы” аттуу мемориалдык комплекси кийинки муунга унутулгус сабак болушу зарыл.

Ош шаарындагы «Энелердин көз жашы» аттуу мемориалдык комплекси 2010- жылы каргашалуу  “Ош окуясыныда” улуттар аралак кагылышууда шейит кеткен  мекендештерибиздин  элеси арнап тургузулган.

Июнь окуясындагы болгон коогалаңга туш болгон  элдин арманы алигиче эстен кетпей келет.Мамлекеттик турак-жайлар талкаланып, үй-жайсыз калган жарандар, жакындарынан ажыраган аталардын арманы, кайгылуу күндү баштан кечирип, көз- жашын төккөн энелердин күйүтү эмдигиче басылбай келет.

Ошол кездеги эл башына мүшкүл салган каргашалуу окуянын кесепети менен көкурөккө кара так салган трагедиянын соңу өкүнүч менен эскерилип , дале болсо жабыркагандардын көксөөсү суубай, көп суроолорго жооп таппай  келишет.

Бирок, Мамлекеттин бүтүндүгүн жана улуттар ортосундагы ынтымакты  сактоо негизги маселе экендиги ар бир жарандын көкүрөгүндө болушу шарт.

Кыргыз -Өзбек бир куштун эки канатындай биримдикти бийик коюп, эриш-аркак болуп,  ынтымакта 3000 жылдык тарыхы бар, байыркы көп улуттуу  Ош шаарыны жараткан Эл.

Өткөн күндөрдөн сабак алчу “ Ош окуясы”, кимдердин эсинде кандай калды экен деген ойдо, ”Энелердин көз жашы “ аттуу бул комплекс тууралуу жергиликтүү жашоочуларды кепке тарттык.

 Энелердин төгүлгөн көз жашы, сыздаган ыйы, аталардын арманы шейит болгон мекендештерибиздин элеси баарыбыздын жүрөгүбүздө сакталыш керек.  9 ай боюнда көтөрүп, асырап өстургөн энелердин уулу же кызы, бирөөнүн атасы, бирөөнүн суйуктуу жары, бүгүнкү күнгө чейин дайынсыз жоголгону эки улуттун тен сай сөөгүн сызатап келет.  Бул “Энелердин көз жашы” аттуу  мемориалдык комплекси кийинки муунга унутулгус сабак болушу зарыл.

Ооба, эстен кеткис  оор күндөрдөн сабак алчу ,эл башына кайгы салган мындай кундөр  эч качан  кайталанбасын! Өлкөбүздө адилеттүүлүктүн туусу желбиреп ,эл ичинде ынтымак орноп, бакубат жашоо боло берсин деген тилектебиз.

Вам также может понравиться...

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *