Жаңылыктар

Кыргызстанда бир жумада 19 миңден ашуун жол эрежесин бузуу катталган

Кыргызстанда 24нөн 30-июнга чейинки аралыкта 19 миң 207 жол эрежесин бузуу фактысы катталган. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирет.

Маалыматка ылайык, алардын ичинен:

  • тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу — 197;
  • мас абалында рулга отуруу — 197;
  • автунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу — 55;
  • жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар — 972;
  • транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу — 4 889;
  • автоээнбаштык — 17;
  • белгиленген ылдамдыктан ашуу — 3 971;
  • жалган мамлекттик номер менен унаа башкаруу — 3;
  • башка жол эрежелерин бузуу фактылары — 8 906.

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1 миң 349 автоунаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

КР ИИМдин ЖКККББсы айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.

Вам также может понравиться...

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *