Жаңылыктар

Дыйкан-фермерлерге берилген насыя 3 млрд сомдон ашты

 Үстүбүздөгү жылдын 29-июнуна карата «Айыл чарбасын каржылоо — 11» долбоорунун алкагында дыйкан-фермерлерге 3 млрд 96 млн сом насыя берилди. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, долбоорду ишке ашырууга республиканын 2 коммерциялык банкы катышууда, кредиттөөнүн көлөмү 3,3 млрд сом суммасын түзүүдө.

«2023-жылдын 29-июнуна карата бул Долбоордун алкагында республиканын 6 миң 886 айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө 3 млрд 96,6 млн сом суммасында жеңилдетилген кредит берилгенди», — деп айтылат маалыматта.

«Айыл чарбасын каржылоо» долбоорун ишке ашырууну улантуу максатында КР министрлер кабинетинин 2023-жылдын 27-февралындагы №72-т тескемеси менен «Айыл чарбасын каржылоо – 11» долбоору бекитилген.

Ата-мекендик айыл чарба өндүрүүчүлөрү тарабынан өсүмдүк өстүрүүчүлүк, мал чарбачылык жана агрардык өнөр жай тармагын өнүктүрүү үчүн жеңилдетилген кредиттик ресурстар менен камсыздоо максатында 2013-жылдан баштап Кыргыз Республикасынын Өкмөтү “Айыл чарбасын каржылоо” долбоорунун циклин ишке ашырып жатат.

Вам также может понравиться...

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *