Жаңылыктар

Билим берүү министри Улуттук аккредитациялык кеңештин отурумун өткөрдү

Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев Улуттук аккредитациялык кеңештин отурумун өткөрдү, деп билдирет ведомствонун басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, отурумда аккредитациялык агенттиктердин 2022-жылдагы ишинин отчеттору угулуп, алардын ишине жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы каралды.

Отурумдун катышуучулары мониторингдин жыйынтыгын талкуулап, аккредитациялык агенттиктерге жана окуу жайларга бир катар сунуштар берилди.

Министр Каныбек Иманалиев Аккредитациялоо секторуна аккредитациялоонун укуктук ченемдик актыларын бардык кызыкдар тараптардын катышуусу менен мезгил талабына ылайык кайрадан иштеп чыгууну тапшырды.

Вам также может понравиться...

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *