Жаңылыктар

Садыр Жапаров Ысык-Көлдө Асман эко-шаарынын курулушуна капсула салды

Президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдө Асман экологиялык таза шаарынын курулушуна капсула салды. Салтанаттуу иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев жана министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, чет өлкөлүк компаниялардын өкүлдөрү катышты.

Шаардын долбоорун даярдоого 1,5-2 жылдай убакыт кеткен. Ал шаарда 500 миңден 700 миңге чейин адам жашай тургандыгы пландалууда. Аянты 4 миң гектарды түзөт.

Тыштан келген инверсторлор сала турган Асман эко-шаарында алдыңкы санариптик телекоммуникациялык технологиялар колдонулат.

Вам также может понравиться...

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *