Бишкек шаарынын вице-мэри Жыргалбек Шамыралиев калаадагы суу тартыштыгына байланыштуу кырдаалды жана аны чечүү жолдорун айтып берди.
Govori.TVнын «Майдан» дебатында сөз сүйлөгөн вице-мэри Шамыралиев жогорудагы жаралган көйгөйдү чечүү үчүн алдыга коюлган пландар бар экенин, ал эми маселе көп жылдан бери келе жатканын кошумчалады. Вице-мэрдин айтымында шаар кеңейгени менен инфраструктура эскирип жатканы негизги көйгөй болууда.