Жаңылыктар

Чүйдө 9-класстын окуучусу көлмөгө чөгүп кетти

Чүй облусунун Беш-Терек айылындагы менчик көлмөгө 9-класстын окуучусу чөгүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсык 8-июнда катталган. Жеринде 5 куткаруучу суучул издөө иштерин жүргүзүшкөн. Алар түштөн кийин, саат 16:57лер чамасында өспүрүмдүн сөөгүн суудан чыгарып, туугандарына өткөрүп беришкен

Вам также может понравиться...

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *