Ишкерди абакта жазасын өтөп жаткан жаран телефон аркылуу алдап кеткен кылмыштын бети ачылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Панфилов районунун 35 жаштагы тургуну ички иштер органдарына телефон алдамчыларга карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Арыздануучунун айтымында, өзү жеке ишкер, ун сатуу менен алектенет жана интернетте өз продукциясын жарнамалайт. Июнь айынын ортосунда ага “lalafo” мобилдик тиркемеси аркылуу белгисиз адам байланышып, ири өлчөмдө ун сатып алууну көздөп жатканын айткан. Ал тез эле ишкердин ишенимине кирип, 8 тонна унду машинага жүктөтүп, Токмок шаарындагы башка кампага жөнөтүүгө көндүргөн. Кийин ун башка жарандарга сатылып, 224 миң сомду алдамчылар ээлеп алган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси “Алдамчылык” боюнча кылмыш иши козголгон.
«Алдамчылыктын схемасы боюнча, алдамчы чыныгы сатуучу менен кардардын ортосунда ортомчу болгон. Жабырлануучу эч нерседен шек санабастан унду жөнөткөн, ал эми 224 миң сом акчаны алдамчы жөнөткөн таксист алган. Андан соң, таксист жогорудагы акча каражатын шектүүнүн эсебине которгон. Бул алдамчылык аракети сатуучуга акча жетпей калгандан кийин аныкталган. Белгисиз адам ишкерлерди, айдоочуларды, кампа кызматкерлерин өз кылтагына илген. Жогорудагы алдамчылык фактыларына шектелип, Чүй облусунун аймагында жайгашкан күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү абагында каракчылык үчүн соттолуп, жазасын өтөп жаткан жаран А.А. аныкталып, кармалды»,-деп жазылат маалыматта.
Учурда кошумча иликтөө иштери жүрүп жатат. Кармалган жарандын ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы текшерилүүдө.