Жаңылыктар

Сот Бөлтүрүктүн үй камагындагы мөөнөтүн узартты

Бишкек шаардык соту “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын мурдагы тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүктүн үй камагындагы мөөнөтүн 10-июлга чейин узартты.

Бишкектеги Октябрь райондук соту Бөлтүрүк прокуратуранын өтүнүчү менен 30-апрелде үй камагына чыгарган. Башкы прокуратура анда “келтирилген зыяндын 80% жакыны, тактап айтканда 844 млн. 512 мин 858 сому Бөлтүрүк жана аны менен бирге кармалган айыпкерлерден өндүрүлүп, мамлекеттин казынасына кайтарылды»,-деп билдирген.

Бөлтүрүк жана аны менен чогуу иштеген бир нече адам “Кумтөрдөгү” коррупцияга байланыштуу былтыр сентябрда кармалган

Вам также может понравиться...

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *