Жаңылыктар

Жээнбек Кулубаев расмий иш сапары менен Монголияга барат

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 29-30-майда кесиптеши Батмөнхийн Батцэцэгдин чакыруусу боюнча расмий иш сапары менен Монголияга барат. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, расмий иш сапардын алкагында кыргыз-монгол мамилелеринин бардык спектрин активдештирүү маселелерин, атап айтканда саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө талкуулоо максатында жогорку деңгээлде жолугушуулар пландаштырылган

Дүйнө

В Японии погибли четыре человека в результате редкого нападения с применением огнестрельного оружия и ножей

BBC News, Tokyo and London Мужчина был арестован после того, как четыре человека были убиты в результате редкого нападения с применением огнестрельного оружия в Японии. Предполагаемый нападавший зарезал женщину и застрелил двух полицейских из охотничьего ружья в префектуре Нагано. Позже было подтверждено, что погиб четвертый человек. Полиция назвала имя подозреваемого — Масанори Аоки, 31-летний сын …

Саясат

Садыр Жапаровдун Россияга болгон иш сапары аяктап, Бишкекке кайтып келди

Президент Садыр Жапаровдун Россия Федерациясына 24-25-май күндөрү болгон иш сапары аяктады. Иш сапарынын алкагында 24-майда мамлекет башчысы Москва шаарында «Көп полярдуу дүйнөдөгү евразиялык интеграция» II Евразия экономикалык форумунун пленардык жыйынына катышты. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн башчылары жана делегациялары интеграциялык процесстер, санариптик трансформацияны тездетүү, транспорттук-логистикалык инфраструктураны өнүктүрүү, евразиялык институттарды өнүктүрүү, бизнес-демилгелерди колдоо боюнча кошумча чаралар жана башкалар боюнча суроолорго жооп …

Саясат

Жалал-Абадда 31 млн сомго 500 метр жол оңдолот. Тендер жарыяланды

Капиталдык курулуш департаменти Жалал-Абад шаарындагы К.Назаров көчөсүнүн 500 метр аралыгын оңдоого тендер жарыялады. Мамлекеттик сатып алуулар порталынын маалыматына таянсак, пландалган сумма — 31 млн 28 миң 900 сом, конкурстук табыштамаларды тапшыруунун акыркы мөөнөтү 9-июнга чейин.

Саясат

Жакында жогорку кызматтагы чиновниктер кармалат – Ташиев

Жакынкы күндөрү каржы тармагындагы жогорку кызматтагы чиновниктер кармалат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев «Регион» телеканалына маек берип жатып, буларды билдирди: «Жакында элдин акчасын колунда кармап, бирок аны башка максаттарга жана натыйжасыз жумшаган каржы тармагындагы жогорку даражадагы мамлекеттик кызматкерлерди кармап, катаал жоопко тартабыз», — деди ал. Ташиев өлкөдө коррупция менен күрөшүүнүн экинчи …

Саясат

ЖК төрагасына караштуу Миграция маселелери боюнча кеңештин жыйыны өтүүдө

Бүгүн, 26-майда Жогорку Кеңештин төрагасына караштуу Миграция маселелери боюнча кеңештин жыйыны өтүүдө. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, жыйынды төраганын орун басары Нурланбек Азыгалиев алып барып, алгач төрага Нурланбек Шакиевдин кайрылуусун окуп берди. Нурланбек Шакиев өз кайрылуусунда миграция жаатында көйгөйлөр өтө арбын экендигин белгилеп, чет өлкөлөрдөгү мекендештер менен өткөрүлгөн бардык жолугушууларда көп …

Жаңылыктар

Кадыр Кошалиев өздүк Фейсбук баракчасына, биринчи Элдик Курултайдын делегаттарына кайрылуу калтырды.

Кадыр Кошалиев ·  Ардактуу мекендештер, кутмандуу курултайдын делегаттары жана максатташтар! Биринчи Элдик Курултайдын делегаттары бекиткен Регламенттин 5-главасындагы төраганын ыйгарым укуктары жөнүндөгү талаптарга ылайык менин тегерегимдеги маселелерди делегаттардан жана адистерден турган комиссия тактаганга чейин Курултайдын Аксакалдар кенешинин төрагасынын ыйгарым укуктарын убактылуу орун басарым Бейшенбек Абдразаковго өткөрдүм. Азыр интриганы токтотуп, ишке маани берели.. «Элдик курултай жөнүндө» мыйзамдын …

Жаңылыктар

Балбак Түлөбаев: бюджетке 2 млрд. сом түшпөсө казинолорду кайра жабалы

Бүгүнкү күндө төрт букмекердик контора жана бир казиного лицензия берилип, бюджетке 126 миллион сом түшкөн. Казинолордон өкмөт убадалаган каражат бюджетке түшпөсө Жогорку Кеңеш мыйзам кабыл алып, кайрадан жабыш керек. Бул тууралуу депутат Балбак Түлөбаев парламентте билдирди. Эл өкүлү министрлер кабинети кумар оюндарына уруксат берүү мыйзамын алып келгенде жылына бюджетке 2 миллиард сомдон ашык түшөрүн айтканын …

Саясат

Ташиев «убактым аз калды» деп эмнеге айтканын түшүндүрдү.

УКМКда түбөлүк отурбайм, отурушум да мүмкүн эмес Бул тууралуу Камчыбек Ташиев Region телеканалына берген маегинде билдирди. Төрага кечээ баракчасына коррупция менен күрөш аеосуз жүрөрү тууралуу пост жазып, анда “убактым аз калды” деген эле. Бул сөзү колдонуучулар арасында эки ача ойду жараткан. Ташиев айткандары иш менен гана байланыштуу экенин билдирди. Ошол эле учурда жашоосундагы нерселерди ачыктай …

Жаңылыктар

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев өзүнүн Facebook баракчасында мамлекет кылмыштуулук менен күрөшүүнүн экинчи этабына өткөнүн жазды.

«Мамлекеттин түпкүлүгүнө оор залакасын тийгизген кылмыштуулуктун түрлөрү менен күрөшүп келе жатабыз, бирок токтото албай жатабыз», — деди ал. Ал кылмыштуулукка каршы күрөш үч этапка бөлүнгөнүн кошумчалады: Күрөштү системалдаштыруу, багытын аныктоо. Мыйзам чегинде жазалоону күчөтүү. Маалымат, түшүндүрүү, ийгиликтерди чыңдоо. Биринчи баскыч эми гана бүттү. Ташиев өлкө башчы Садыр Жапаровдун каттуу койгон талаптарынын жана түзүлгөн шарттардын негизинде …