«Мамлекеттин түпкүлүгүнө оор залакасын тийгизген кылмыштуулуктун түрлөрү менен күрөшүп келе жатабыз, бирок токтото албай жатабыз», — деди ал.
Ал кылмыштуулукка каршы күрөш үч этапка бөлүнгөнүн кошумчалады:
- Күрөштү системалдаштыруу, багытын аныктоо.
- Мыйзам чегинде жазалоону күчөтүү.
- Маалымат, түшүндүрүү, ийгиликтерди чыңдоо.
Биринчи баскыч эми гана бүттү.
Ташиев өлкө башчы Садыр Жапаровдун каттуу койгон талаптарынын жана түзүлгөн шарттардын негизинде аёсуз күрөш улантылып жатканына токтолду.
«Биринчи этап эми гана бүттү, биз ойлогондой оңой болгон жок, эки-үч ай, ашып кетсе 6 айда дегенбиз, а бирок, 2,5 жылга созулду, өтө көп эмгекти, өжөрлүктү, чынчылдыкты жана чыдамкайлыкты жумшадык», — деп айтылат билдирүүдө.
Экинчи этапты баштоо алдында турабыз, бул этаптын алкагында мыйзам чегинде жазаларды максималдуу колдонобуз
«Буга чейин колго түшкөн коррупционерлер келтирген зыянын бир нече эсе төлөп, анан соттун чечими менен женилирээк жаза алып кутулуп келген. Эми биз коррупционер келтирген зыянды эле эмес, колундагы баардык мүлкүн жана соттон мыйзамдын беренесинде каралган эң жогорку жазаны чектейбиз, көзөмөлдөйбүз.
Коомубуз түшүнүш керек: биз аёсуз күрөш жана ачык айкындуулук менен гана мамлекетибизди өнүктүрөбүз.
Бул экинчи этап 1-1,5 жылга созулат го деп ойлоймун, бул өтө оор болот, жеке мен баарынан баш тартуум керек: майда-чүйдөнү айтпаганда бала, бир тууган, дос-жолдоштор, туугандар», — деп жазган УКМКнын төрагасы.