Жаңылыктар

Балбак Түлөбаев: бюджетке 2 млрд. сом түшпөсө казинолорду кайра жабалы

Бүгүнкү күндө төрт букмекердик контора жана бир казиного лицензия берилип, бюджетке 126 миллион сом түшкөн.
Казинолордон өкмөт убадалаган каражат бюджетке түшпөсө Жогорку Кеңеш мыйзам кабыл алып, кайрадан жабыш керек. Бул тууралуу депутат Балбак Түлөбаев парламентте билдирди.
Эл өкүлү министрлер кабинети кумар оюндарына уруксат берүү мыйзамын алып келгенде жылына бюджетке 2 миллиард сомдон ашык түшөрүн айтканын эске салды.
«Эгер жыл соңуна чейин аталган сумма чогулбаса казино мыйзамын жокко чыгарып туруп айдап жибериш керек. Экс-губернатор, экс-депутат лицензия алыптыр деп чыгып жатат. Биз алар байысын деп казино мыйзамын кабыл алган жокпуз. Жылдын аягында канча салык түшкөнүн көрөбүз. Бюджетке 2 миллиард сом түшөт дегени үчүн бүткүл абийир, намысыбызды коюп өкмөттү колдоп бергенбиз. Элге жаман көрүнүп, каргыш, тил укканбыз. Биздин мыйзам менен бир чиновниктин байышына макул эмесмин», — деди Түлөбаев.

Вам также может понравиться...

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *