УКМКда түбөлүк отурбайм, отурушум да мүмкүн эмес
Бул тууралуу Камчыбек Ташиев Region телеканалына берген маегинде билдирди.
Төрага кечээ баракчасына коррупция менен күрөш аеосуз жүрөрү тууралуу пост жазып, анда “убактым аз калды” деген эле. Бул сөзү колдонуучулар арасында эки ача ойду жараткан.
Ташиев айткандары иш менен гана байланыштуу экенин билдирди. Ошол эле учурда жашоосундагы нерселерди ачыктай албай турганын белгиледи.
“Мен бул жерде (УКМК) түбөлүк отурайын, 10-15 жыл отурайын дебейм да. Андай болушу да мүмкүн эмес. Бирок мен отурган убагымда көп нерсеге үлгүрүп калышым керек. Мен коррупционерлердин тамырын кыркышым керек. Бандиттердин тамырын кыркышым керек. Мен жумуштан кеткенден кийин ошол адамдар мага эле эмес, коомубузга да зыянын тийгизе албагыдай болушу керек” — деген оюн билдирди Камчыбек Ташиев