Жаңылыктар

Жалал-Абад облусунда жер титирөө катталды

Жалал-Абад облусунда жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 20:25те Жалал-Абад облусунун аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Сузак районунун Орток, Кара-Алма айылдарында 3 балл, ал эми Сары-Булак, Ак-Тоок, Таран-Базар, Сай, Жоон-Күнгөй айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Вам также может понравиться...

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *