«Семёнов — Тянь-Шань» чокусунан дайынсыз жоголгон турист изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 14-июлда К.С. аттуу чет өлкөлүк жаран «Семёнов — Тянь-Шань» чокусуна чыгып кеткен бойдон байланышка чыкпай жаткандыгын айтып, туугандары ӨКМге карйылышкан.
Аталган жаран «Эдельвейс» тоодо куткаруу кошууну тарабынан тынымсыз изделүүдө.
Кечээ, 23-июлда саат 15:15те күн ысып, кар эрий баштагандыктан, кар көчкүдөгү куткаруу иштери убактылуу токтоп, куткаруу тобу Семёнов чокусунан Хижина Рацекага кайтышты. Издөөдөн жыйынтык болгон жок.