Жаңылыктар

Тажикстанда карызы бар 2600 адамдын сыртка чыгуусуна тыюу салынды

Тажикстандын өкмөтүнө караштуу Аткаруу кызматы дагы 2600 кишини Карызкорлордун бирдиктүү реестрине киргизди. Алар банктарга, мекемелерге жана жеке адамдарга карызын төлөй албай жүргөн жарандар. Бул тизмедегилер өлкөдөн чыга албайт.

Аткаруу кызматы жылдын башында 850дөн ашык карызкордун аты-жөнүн жарыялаган. Кийинчерээк жалпысынан 7 миллион сомониден ашык карыз ээлерине төлөнүп берилгени маалымдалган. Бул сумма 639 миң АКШ долларына барабар.

«Озоди» радиосу тактагандай, мамлекеттик реестрде бюрократиялык кечиктирүүлөрдөн, паракорлуктан жана ишкерликтеги көйгөйлөрдөн улам карыз болуп калган жүздөгөн ишкерлер бар.

Жыл сайын ушундай маселелерден улам Тажикстанда айрым ишкерлер өзүн банкрот деп жарыялашат.

Вам также может понравиться...

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *