Жаңылыктар

Өзгөндө 225 орундуу мектептин курулушу быйыл бүткөрүлөт

Ош облусунун Өзгөн районунун Токтогул айылындагы Д.Шопоков атындагы 225 орундуу мектептин курулушу быйыл бүткөрүлөт. Бул тууралуу Мамкурулуш маалымдайт.

Ведомстводон билдиришкендей, президенттин тапшырмасына ылайык, Мамкурулуштун директору Мырзабек Жыпаркулов Ош облусунунда курулуп жаткан социалдык объекттердин курулушун мониторинг жүргүзүүдө.

Жыпаркулов биринчи болуп Өзгөн районунун Токтогул айылындагы 225 орундуу Шопоков атындагы орто мектептин курулушун текшерип, белгиленген мөөнөттө бүтүрүү милдетин койду.

Белгилей кетсек, аталган мектепти быйыл бүткөрүп, ишке берүү пландалган.

Вам также может понравиться...

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *