Жаңылыктар

Быйылкы жылдын 6 айында жол тармагы 3,2 млрд сомго каржыланды

2023-жылдын 6 айында жол тармагы боюнча жалпы каржылоо 3 млрд 289 млн 800 миң сомду, же ушул жылга каралган каражаттардын 52%ын түздү. Бул тууралуу КР министрлер кабинетинин жыйынында транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев билдирди.

Анын айтымында, быйылкы жылы жалпы пайдалануудагы жолдорду куруу жана оңдоого жалпысынан 6 млрд 350 млн 700 миң сом каралган, анын ичинен:

— капиталдык салымдар беренесинен – 1 млрд 100 млн. сом;

— учурдагы бюджеттен – 2 млрд 427 млн 900 мин сом;

— казыналык милдеттенмелер менен – 2 млрд 822 млн 800 миң сом (каржыланганы – 240 млн сом)

«Былтыркы жылдын 6 айында каржылоо 4 млрд 183 млн 475 миң сомду түзгөн, бул быйылкы жылдагыдан 893 млн 675 миң сомго көптүк кылган», — деди министр.

Текебаев белгилегендей, жол тармагын каржылоо акыркы 3 жылда кескин өзгөрдү. 2020-жылга салыштырмалуу 2022-жылы жол тармагын каржылоо 6,4 эсеге, ал эми 2010-жылга салыштырмалуу 5,2 эсеге, 2015-жылга салыштырмалуу 2,3 эсеге өскөн.

Вам также может понравиться...

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *