Жаңылыктар

13 жылда Кыргызстандын калкы 1,5 млн адамга көбөйдү

2009-жылдагы эл каттоодон кийин 13 жылда Кыргызстандын калкы 1 млн 573 миң 4 адамга көбөйдү. Бул тууралуу «Кабар» агенттигиндеги маалымат жыйынында Улуттук статистика комитетинин аппарат жетекчиси Элмира Алымкулова билдирди.

Анын айтымында, 2022-жылдагы эл каттоодон кийин Кыргызстандын туруктуу калкынын саны 6 млн 936 миң 165 адамды түздү.

Ал белгилегендей, анын 65%ы айыл жерлеринде, ал эми 35%ы шаарларда жашайт.

«2009-жылдагы эл каттоодон кийинки 13 жыл ичинде өлкөнүн калкы 1 млн 573 миң 4 адамга же 29,3%га өскөн. 2009-2022-жылдардагы эки эл каттоонун ортосунда Кыргызстандын калкынын орточо жылдык өсүү темпи 2% түздү», — деген ал өлкөдө төрөттүн көрсөткүчү жогору деңгээлде экенин белгиледи.

«2022-жылы 19-октябрда Кыргызстанда 7 миллионунчу жаран төрөлдү. 7 миллионунчу жаран 6 миллионунчу төрөлгөндөн кийин 7 жылдан соң төрөлдү. 6 миллионунчу менен 5 миллионунчу калктын ортосундагы жаш айырма 13 жашты, 4 миллионунчу менен 5 миллионунчу жарандын ортосундагы айырма 17 жашты түзгөн. Кыргызстан жалпысынан калкы аз өлкө. Орточо жыштыгы 1 чарчы метрге 35 адам туура келет», — деди Алымкулова.

Вам также может понравиться...

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *