Жаңылыктар

Бишкектеги үч адамдын өлүмү: Иш сотко өттү

Бишкекте үч адамды өлтүрүүгө шектелген жарандын иши сотко өттү. Бул тууралуу  Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

«Тергөө иштери аяктап, иш сотко өттү»,-деп билдиришти милициядан.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 16-февраль күнү кечинде 5-кичи райондогу батирлердин биринде 51 жаштагы аял жана анын 17 жаштагы кызы менен жашы жете элек уулу киши колдуу болгон. Милиция бул кылмышка шектүү катары А.Ч.К. аттуу эркек кишини кармаган.

Свердлов райондук сотунун чечими менен шектүү 16-июнга чейин камалган.

Вам также может понравиться...

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *