Жаңылыктар

11-июлга карата күтүлгөн аба ырайы

Кыргызгидромет борбору 11-июлга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Ош облусунун дыйканчылык аймагында жана калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +32…+37, Талас, Ысык-Көл облусунда +29…+34, Нарын облусунда +22…+27 градуска чейин жетет.

Ал эми Бишкек шаарында абанын температурасы +32…+34 градус болушу күтүлөт.

Вам также может понравиться...

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *