«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы жумушчуларды издейт.
Бишкек мэриясынан билдиришкендей, жумушчулардын айлыгы жумуштун көлөмүнө жараша, айына 25 миң сомдон жана андан жогору болот. Ошондой эле кошумча түшкү тамак каралган.
Төмөнкү адистер талап кылынат:
20 жол мастери:
• 18 жашка толгон кыргыз жараны;
• тажрыйбасы жана көндүмдөрү бар кесипкөй жумушчулар;
• жаман адаттарсыз;
• так жана жоопкерчиликтүү;
• нормаларга жана талаптарга так ылайык иштерди аткаруу.
1 инженер:
— 18 жашка толгон кыргыз жараны;
— соттуулугу жок;
— кесиптик билими бар;
— мамлекеттик жана муниципалдык кызматта иш стажы же административдик кызмат орундарынын тобун жана категориясын эске алуу менен адистиги боюнча иш стажы;
— кесиптик компетенциялар.
— КР жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү чөйрөдөгү мыйзамдарды билүү.
— Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.
— компьютердик жана оргтехникага, керектүү программалык продуктыларга ээ болуу;
— тиешелүү чөйрөдө билим жана көндүмдөр;
— кесиптик билими бар экендиги белгиленген формадагы документ менен ырасталат.
Маектешүү иш күндөрү саат 9:00дөн 17:00гө чейин өтөт. Дареги: Хвойная көчөсү 70, маалымат үчүн телефон: 0312377717.