Караколдо дайынсыз жоголгон эки наристе кыздын сөөгү Ак-Суу районунун Бөрү-Баш айылындагы МК-10 сугат каналынан табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Белгилей кетсек, эки жана беш жаштагы кыздар күн мурун ойноп жүрүп дайынсыз жоголуп кетишкен. Аларды издөөө 5 куткаруучу, шаардык ички иштер бөлүмүнөн 60 кызматкер, КР ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынан 10 кызматкер тартылган.