Жаңылыктар

Бишкектен Казанга каттамдарды көбөйтүү пландалууда

Россиянын «Урал аба жолдору» авикомпаниясы 2023-жылдын 15-июлунан тартып Казань-Бишкек-Казань багыты боюнча биринчи каттамды ачып, Бишкектен Казанга үзгүлтүксүз каттамдардын санын көбөйтүүнү максат кылууда.

«Манас» эл аралык аэропортунан билдиришкендей, каттамдар жумасына 1 жолу (ишемби күндөрү) аткарылат.

Эске салсак, башка авиакомпаниялар аталган багыт боюнча каттамдарды жумасына 4 жолу – дүйшөмбү, шейшемби, шаршемби жана ишемби күндөрү аткарышууда.

«Манас» аэропорту аталган багытка байланыштуу бардык суроолор боюнча авиакомпанияга түз кайрылууну сунуштайт.

Вам также может понравиться...

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *