Жаңылыктар

Соцфонд Түркия менен пенсия боюнча келишимдин аткарылышы тууралуу маалымат берди

 Эки тараптуу келишим күчүнө киргенден бери түрк тарап Түркияда жашаган кыргызстандыктардын иш стажы тууралуу Кыргызстанга 159 суроо-талап жөнөткөн. Бул тууралуу Социалдык фонддун басма сөз кызматы билдирди.

Ведомтсводон белгилешкендей, учурда 154 суроо-талап иштелип чыгып, аларга тиешелүү жооптор берилди.

Эскерте кетсек, 2020-жылдын 1-ноябрынан тартып Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен Түркия Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы социалдык камсыздоо жөнүндө келишим күчүнө кирген. Ал эки республиканын жарандарына Кыргызстанда да, Түркияда да бирдей шартта пенсия жана жөлөкпул алууга укук берет. Келишим мыйзамдуу негизде иштеген камсыздандырылган адамдар гана тиешелүү.

Вам также может понравиться...

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *