Жаңылыктар

5-июнга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 5-июнга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Талас облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

Ал эми Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө, Талас облусунун дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Абанын температурасы Чүй облусунда +30…+35, Талас облусунда +28…+33, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +32…+37, Ысык-Көл облусунда +20…+25, Нарын облусунда +18…+23, Бишкек менен Ошто +33…+35, ал эми Чолпон-Атада +22…+24 градуска жете

Вам также может понравиться...

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *