Бүгүн, 22-июнда Бишкек шаарында №11 жана №14 троллейбустар линияга чыккан жок. Бул тууралуу шаар тургундары билдиришти.
Маалыматка караганда, Манас проспектисиндеги аялдамаларда жүргүнчүлөр күндөгүдөн көп.
«Бир сааттан бери троллейбус күтүп турабыз, келген жок. Жумушубузга кечиктик», — деп билдирди шаар тургуну.
Шаар бийлиги троллейбустар эмне үчүн каттамга чыкпаганы боюнча расмий маалымат бере элек.