Жаңылыктар

Жалал-Абад шаарынын Токтогул көчөсүнө тротуар курулууда

Жалал-Абад шаарынын Токтогул көчөсүнө тротуар жана темир-бетон арык курулуп, аллеяга брусчатка төшөлүүдө.

Муниципалитеттен билдиришкендей, Токтогул көчөсүндөгү аллеяга 3 миң чарчы метр брусчатка төшөлсө, жалпы узундугу 1,5 чакырым, кеңдиги 2-3,5 метрди түзгөн тротуар курулуп жатат. Мындан сырткары, темир-бетон арык куурларын жаткыруу иши да колго алынган.

Иштер мэриянын Коммуналдык чарба жана көрктөндүрүү департаменти тарабынан аткарылууда.

Белгилей кетсек, 2023-жылы Жалал-Абад шаарына жалпы 13 чакырым тротуарга жана 20 чакырым жолго асфальт төшөө пландалган. Мындан сырткары, шаардан “Жалал-Абад” санаториясына чейин веложол курулат.

Вам также может понравиться...

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *