Бишкектеги мейманканалардын бирине уурулукка кирген эки жигит кармалды. Бул тууралуу КР ИИМден билдиришти. Маалыматка ылайык, 20-июлда түнкү саат 04:18де калаадагы мейманканалардын биринде дүрбөлөң баскысы басылып, айтылган дарекке Бишкек шаарынын Ленин райондук Күзөт бөлүмүнүн кызматкерлери барышкан. Күзөтчү мейманканага караштуу дүкөндүн эшигин темир лом менен бузуп кирүүгө аракеттенгендерди видеобайкоо аркылуу көрүп, дүрбөлөң баскычын баскан. Жерине барган ыкчам …
