Бишкектеги Мурас-Ордо конушуна сквер куруу пландалууда.
Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматка караганда, Бишкек шаардык мэриясынын алдындагы Капиталдык курулуш башкармалыгы тендер жарыялады.
Сквер Мурас-Ордо көчөсү №19 дарегине курулат. Тендердин суммасы 48 млн 515 миң 625 сом.
Сквердин аймагында жайкы сахна, трибуна, балдар аянтчалары, альпинизм жабдуулары жана башкалар болот. Ошондой эле паркта сугат үчүн скважина бургуланат.