Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги бул өлкөдө мигранттарды текшерүү үчүн рейд күчөгөнү тууралуу социалдык тармактардагы билдирүүлөргө түшүндүрмө берди. Анда мыйзамсыз миграция каршы мындай иш-чаралар такай өткөрүлүп турарын, кыргызстандык жарандар эреже-талаптарды так сакташы керектигин эскертти. “Элчилик Орусиянын тиешелүү органдары такай текшерүү жүргүзүп, чет өлкөлүк жарандардын мыйзамдуу жүрүүсүнө мониторинг кыларын эскертет. Буга байланыштуу терс кесепеттердин алдын алуу үчүн кыргызстандык …
