Жаңылыктар

Садыр Жапаров “Кыргызиндустриясы” ишканасында болду

Президент Садыр Жапаров менен Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган топ 26-майда Бишкектеги “Кыргызиндустриясы” ишканасына барды. Президенттин басма сөз кызматынын билдиришинче, алар бул ишканага таандык заводдордун, токтоп турган ишканалардын абалы менен таанышты.

“Учурда “Кыргызиндустрия” ачык акционердик коому 19 долбоорду ишке ашырып, анын тогузу толук иштеп, өз продукциясын чыгара баштады. Бирок кошумча каражат берилбегендиктен калган 10 долбоорду ишке ашыруу азырынча токтоп турган. Бул маалыматты уккандан кийин Садыр Жапаров аларды кайра жандантуунун, иштебей турган цехтерди модернизациялоонун маанилүүлүгүн белгиледи. Ал өкмөткө инвестиция тартууну, токтоп турган ишканаларды кайра иштетүү үчүн жагымдуу инвестициялык климатты түзүүнү тапшырды”,-деп жазылган маалыматта.

Өткөн аптада Жогорку Кеңеште «Кыргызиндустрия» миллиондогон сомду негизсиз короткону айтылган. Тармактык комитеттин 16-майдагы жыйынында депутат Жеңишбек Токторбаев Жарасул Абдураимов баштаган ишкананын жетекчилери чоң айлык аларын сынга алган. Анда 65 адам иштеген жамааттын бир президентинен сырткары төрт вице-президенти, аппарат башчысы, жетекчинин эки кеңешчиси жана бир жардамчысы бар экенин айыптаган.

«Кыргызиндустриясы» ишканасы 2021-жылдын аягында түзүлгөн жана анда уставдык капиталы 1 миллиард сом болору айтылган. Өкмөт ишкананын алдында өнөр жайды, өндүрүштү чукул арада жандантууга байланыштуу бир катар тапшырма турганын билдирген

Вам также может понравиться...

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *