Президенттин “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясына катталуу үчүн атайын сайт иштеп баштады. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Ведомствонун маалыматына караганда, талапкерлердин документтерин онлайн кабыл алуу 1-июндан 30-июнга чейин жүргүзүлөт. «Үмүт» порталы аркылуу каттоо формасын толтуруп, талап кылынган документтерди жүктөө керек. Ошондой эле документтердин оригиналын министрликтин 3-кабатында жайгашкан 317-кабинетине тапшыруу …
