Бишкекте үч адамды өлтүрүүгө шектелген жарандын иши сотко өттү. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти. «Тергөө иштери аяктап, иш сотко өттү»,-деп билдиришти милициядан. Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 16-февраль күнү кечинде 5-кичи райондогу батирлердин биринде 51 жаштагы аял жана анын 17 жаштагы кызы менен жашы жете элек уулу киши колдуу болгон. Милиция бул кылмышка …

Чүйдө көлмөгө эки жаран чөгүп кеткен. Бирөө табыла элек
Кемин районунун Орловка шаарындагы көлмөгө чөгүп кеткен жаранды издөө иштерине 3 суучул, 2 куткаруучу, 2 милиция кызматкери жана чөккөн жарандын туугандары тартылды. Бул тууралуу ОКМ кабарлады. Маалым болгондой, 9-июнь күнү, кечкээ маал эс алууга барып, көлмөгө 1991-жылы туулган 2 жаран чөгүп кеткени тууралуу маалымат түшкөн. 10-июнда суучул-куткаруучулар Ж. уулу А. аттуу жарандын сөөгүн суудан алып …

Сүрөткө түшүп жатып… Жалал-Абадда сууга аккан жарандын жансыз денеси табылды
Жалал-Абадда сууга аккан жарандын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады. Маалыматка ылайык, 10-июнь күнү Бишкек — Ош автоунаа жолуна жакын жайгашкан Итагар жайлоосуна 3-4 үй-бүлө эс алууга келишкен. Суу боюнда сүрөткө түшүп жатып таштын үстүнөн жыгылып, Итагар суусунан 40 жаштагы Т.К деген адам сууга агып кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. «Жерине 5 куткаруучу тартылып, Итагар …
Кыргызстанда Орусиялык активист Алёна Крылова кармалды
Кыргызстанда орусиялык саясий активист Алёна Крылова кармалды. Sota басылмасы ал Бишкекте 4-июнда кармалганын, бирок бул жөнүндө эми гана белгилүү болгонун жазды. Крылова – Орусиядагы «Адам укуктары үчүн» кыймылынын мурдагы басма сөз катчысы. Кезинде ал бул өлкөдө экстремисттик деп табылган «Левое сопротивление» кыймылынын ишмердүүлүгүнө катышып жүргөн. Орусияда Крыловага жана аталган кыймылдын дагы беш мүчөсүнө каршы «Экстремисттик …

Кумтөр иши: Сот Бакиевди 10 жылга сыртынан кести
Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиев Кумтөр иши боюнча күнөөлүү деп табылып, мүлкүн конфискациялоо менен 10 жылга сыртынан кесилди. Мындай өкүмдү Бишкектин Биринчи май райондук соту 2023-жылдын 1-мартында чыгарган. Соттун өкүмүнө ылайык, Бакиев Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренесинин 2-бөлүмү боюнча айыптуу деп табылган. («Уюшкан топтун, кылмыштуу коомдоштуктун кызыкчылыгында жасалган же оор залал алып келген ошол жосун»). Мындан …

«Токтогул ГЭС — Датка» жогорку чыңалуудагы аба чубалгысында 770 изолятор алмаштырылды
500 кВ «Токтогул ГЭС — Датка» жогорку чыңалуудагы аба чубалгысында 770 даана изоляторлор алмаштырылды Энергетика министрлигинен билдиришкендей, ошондой эле зымдардын бириккен жерлериндеги байланыштарын бекемдөө жана электр зымдарын үстүнөн текшерүү иштери жүргүзүлдү. Жогорку чыңалуудагы аба чубалгыларын тейлөө кызматынын Кара-Көл, Избаскент, Жалал-Абад участкаларынын адистери, 3 бригада болуп иш алып барды. Бир бригада күнүнө 75 даанадан изолятор алмаштырганга …

Кыргызстанда сутка ичинде 13 өрт кырсыгы катталды
Кыргызстанда сутка ичинде 13 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 3, Чүй облусунда 4, Ош облусунда 1, Талас облусунда 1, Баткен облусу 1, Жалал-Абад облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 2 өрт кырсыгы катталган. Чүй облусунун Токмок шаарында жайгашкан турак үйдүн 1 бөлмөсү жана ичинде жайгашкан эмеректер толугу менен күйгөн. …

ЖКККББ: Бир жумада өлкө аймагында 161 мас айдоочу аныкталды
Кыргызстанда акыркы жумада 18 миң 627 жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, анын ичинен: — тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу — 229; — мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу — 161; — авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу — 36; — жөө жүргүнчүлөр катышкан жол …

Бүгүн кыргызстандык зыяратчылардын алгачкы тобу Меккеге жөнөп кетти
Бүгүн кыргызстандык зыяратчылардын алгачкы тобу Меккеге жөнөп кетти. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты. Маалыматка ылайык, ар бир учуучу топто 672 ажы сапар алып, аларды 15 ажы башчы коштоп барат. Ал эми ажылардын акыркы тобу 21-июнда Ош-Жидда багыты боюнча Сауд Аравияга жөнөп кетишет. Быйыл Кыргызстандык ажылардын саламаттыгына 20 дарыгер көз салат. Белгилей кетсек, быйылкы ажылык сапарына Кыргызстан үчүн …

Кара-Суу районунда жаңы мечит курулду
Ош облусунун Кара-Суу районундагы Садырбай айылында жаңы мечит курулду. Муфтияттын басма сөз кызматы билдиргендей, аны айылдагы жеке ишкер куруп берген. Мечиттин ачылышына муфтий Замир Ракиев, Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абдыманап Масалиев баштаган АК мүчөлөрү, Ош облусунун казысы Сайдамир Жейналиев, Ош шаарынын казысы Мирланбек Токтомушов катышып, куттуктоо сөздөрүн айтышты.