Жаңылыктар

Кыргызстанда Орусиялык активист Алёна Крылова кармалды

Кыргызстанда орусиялык саясий активист Алёна Крылова кармалды. Sota басылмасы ал Бишкекте 4-июнда кармалганын, бирок бул жөнүндө эми гана белгилүү болгонун жазды.

Крылова – Орусиядагы «Адам укуктары үчүн» кыймылынын мурдагы басма сөз катчысы. Кезинде ал бул өлкөдө экстремисттик деп табылган «Левое сопротивление» кыймылынын ишмердүүлүгүнө катышып жүргөн. Орусияда Крыловага жана аталган кыймылдын дагы беш мүчөсүнө каршы «Экстремисттик уюм түзүү» беренеси менен кылмыш иштери козголгон. Тергөөнүн айыптоосунда алар «бийликти каралоого багытталган жана полиция менен кагылышууларга түрткөн митингдерди, жүрүштөрдү уюштурууну көздөгөнү» жазылган.

Маалыматка караганда, Алёна Крылованы мекенине депортация кылуу үчүн кармашкан. Бүгүнкү күндө анын Орусияга өткөрүлүп берилген-берилбегени белгисиз.

Вам также может понравиться...

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *