Жаңылыктар

Сүрөткө түшүп жатып… Жалал-Абадда сууга аккан жарандын жансыз денеси табылды

Жалал-Абадда сууга аккан жарандын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.

Маалыматка ылайык, 10-июнь күнү Бишкек — Ош автоунаа жолуна жакын жайгашкан Итагар жайлоосуна 3-4 үй-бүлө эс алууга келишкен. Суу боюнда сүрөткө түшүп жатып таштын үстүнөн жыгылып, Итагар суусунан 40 жаштагы Т.К деген адам сууга агып кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

«Жерине 5 куткаруучу тартылып, Итагар суусунун жээгинде болжол менен 10 чакырымдай аралыкта издөө иштери жүргүзүшүп, кеч кирип кеткендигине байланыштуу жумуш убактылуу токтотулган. Бүгүн, 11-июнда кайрадан издөө иштери куткаруучулар тарабынан улантылып, саат 09:30да аталган жарандын сөөгүн таап, РИИБнин кызматкерлерине өткөрүп беришти»,-деп жазылат маалыматта.

Вам также может понравиться...

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *