МСК: 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча 640 миң адам салык декларациясын тапшырды

2022-жылдын жыйынтыгы боюнча бирдиктүү салык декларациясын 640 миң 990 салык төлөөчү тапшырды, анын ичинен 583 миң 770 декларация электрондук түрдө. Мамлекеттик салык кызматы билдиргендей, бул өткөн жылга салыштырмалуу 131 миң 322 декларацияга көп. Декларацияны 52 миң 978 уюм, 197 миң 609 жеке ишкер, 325 миң 740 жеке жак, 64 миң 663 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер …

Кыргызстанда 10 күндө КМШ өлкөлөрүндө издөөдө жүргөн 57 адам кармалды

2023-жылдын 2-июнунан тартып Кыргызстандын аймагында КМШ өлкөлөрүндө мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн адамдардын жүзүн аныктоо боюнча тутум ишке кирип, видеокамералар орнотулууда. Бул тууралуу КР Ички иштер министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, он күндүн ичинде КР ички иштер органдары КМШ өлкөлөрүндө мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн 57 адамды аныктап, жеткиришти. Алардын баары сырткы видеобайкоо камераларынын жардамы менен аныкталган. Бул …

Германияда кыргызстандыктар кымыз майрамын уюштурду

Германиянын Баден-Вюртемберг федералдык жеринин Вальдбрунн айылында кыргызстандыктардын жергиликтүү “Данек” диаспоралык уюму тарабынан кымыз майрамы уюштурулду. Бул тууралуу Кыргызстандын Германиядагы элчилиги билдирет. Маалыматка ылайык, иш-чарага Германияда, Австрияда, Чехияда жашаган 350гө жакын кыргызстандык, Кыргызстандан келген немис улутундагы жергиликтүү тургундар, Кыргызстандын Германиядагы элчилигинин Франкфурт-на-Майне шаарындагы өкүлү катышты. Элчиликтин өкүлү кыргызстандыктарга кайрылып, бардык катышуучуларды үчүнчү жолу өтүп жаткан кымыз …

Баткен облусунун аймагында сел жүрдү

Баткен облусунун аймагында сел жүрдү. Бул тууралуу “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынан кабарлашты. Буга байланыштуу облус аймагындагы айрым жолдордун бөлүктөрү унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылган. Ош – Баткен – Раззаков унаа жолунун Охна бөлүгү, ошондой эле Жийделик – Ак-Кыя жана Бел-Божой унаа жолдору тазаланып, каттам 2 тараптуу ачылды. Учурда Коргон – Чаувай унаа жолу убактылуу жабык. Тазалоо …

Бишкекте жол кырсыгы катталып, айдоочу ооруканага жаткырылды

Бишкекте Lexus RX350 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай калып, аласалып кеткен. Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, бүгүн саат 00:40 чамасында Бишкек шаарынын 18 жаштагы А.уулу А. аттуу тургуну Масалиев көчөсү (Түштүк магистраль) менен батыш тарапка бара жатып, “Ынтымак” паркынын тушунан унаасынын рулуна ээ боло албай калып, жол боюндагы бордюрду сүзүп, аласалып кеткен. Айдоочу ооруканага жаткырылган. …

Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында Коопсуздук кеңешинин жыйыны өтүүдө

Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйыны өтүүдө. Жыйында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн абалы жана өнүгүү багыттары тууралуу маселелер, өлкөнүн стратегиялык объектилеринин тизмеси боюнча сунуштар каралат. Иш-чарага Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү, министрлер кабинетинин мүчөлөрү, укук коргоо жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилери, президенттин Баткен жана Ош облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек шаарынын мэри жана башкалар катышууда.

Сокулукта ишкерди мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды

Сокулук районунда адам өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 10-июнда Романовка айылында бескоблок чыгарган ишкананын аймагында зомбулуктун белгилери бар кожоюн — 1982-жылы туулган У.У.нун сөөгү табылгандыгы аныкталган. Аталган факты Сокулук райондук милицисына каттоого алынып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин («Адам өлтүрүү») негизинде кылмыш иши козголгон. Бул кылмышты …

Ош милициясы Ыдырыс Исаковго кол салуу фактысын иликтеп баштады

Эркин журналист Ыдырыс Исаков аны бетке чапкан “Пансионат Ош” мекемесинин мурдагы директоруна каршы Ош шаардык милициясына арыз жазган. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, окуя тууралуу билдирүү бүгүн, 12-июнда болжол менен саат 12:20лар чамасында түшкөн. Анда Асылбек аттуу жаран Ош шаарынын А.Шакиров көчөсүндөгү эс алуу борборлорунун биринчи ызы-чуу болуп жаткандыгын кабарлаган. …

УКМК төрагасы өзүнүн аты-жөнүн билбеген Николай Казейкинге паспорт тапшырды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Николай Казейкинге Кыргызстандын ID-картасын жана жалпы жарандык паспортун тапшырды. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 23-майында Facebook социалдык тармагында КР УКМКнын төрагасынын атына Дядкин Николай Николаевич аттуу жаран Кыргыз Республикасынын улуттук паспортун алууга көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылуу жарыяланган. Николай Дядкин өзүнүн кайрылуусунда ата-энесинен эрте …

«Азия балдары» комитети менен Кыргызстандын Алыш федерациясы кызматташат

Бүгүн, 12-июнда «Азия балдары» эл аралык комитети менен Кыргызстандын Алыш федерациясынын ортосунда кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду. Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, кол коюу аземи маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов менен «Азия балдары» эл аралык комитетинин президенти Владимир Максимовдун жолугушуусунун алкагында өттү. Комитет жана федерация алыш бел боо күрөшүн жана …