Жаңылыктар

УКМК төрагасы өзүнүн аты-жөнүн билбеген Николай Казейкинге паспорт тапшырды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Николай Казейкинге Кыргызстандын ID-картасын жана жалпы жарандык паспортун тапшырды. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 23-майында Facebook социалдык тармагында КР УКМКнын төрагасынын атына Дядкин Николай Николаевич аттуу жаран Кыргыз Республикасынын улуттук паспортун алууга көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылуу жарыяланган.

Николай Дядкин өзүнүн кайрылуусунда ата-энесинен эрте ажырап, чыныгы атын билбегендигине байланыштуу, Кыргыз Республикасынын паспорттору менен эч качан документтештирилбегендигин белгилеген.

Буга байланыштуу КР улуттук коопсуздук органдары Николай Дядкиндин инсандыгын аныктоо боюнча бир катар иш-чараларды жүргүзүшүп, жыйынтыгында келип түшкөн архивдик материалдардын негизинде улуту орус, Бишкек шаарында 1991-жылы туулган, Казейкин Николай Николаевич экендиги, ата-энеси чындыгында эле эрте каза болгондугу аныкталды. Учурда үй-бүлөлүү, бир кызы бар.

Белгиленгендей, бүгүн, 12-июнунда Камчыбек Ташиев жекеөзү Николай Николаевич Казейкинге Кыргыз Республикасынын идентификациялык (ID) картасын жана жалпы жарандык паспортун тапшырды.

Вам также может понравиться...

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *