Жаңылыктар

Баткен облусунун аймагында сел жүрдү

Баткен облусунун аймагында сел жүрдү. Бул тууралуу “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынан кабарлашты.

Буга байланыштуу облус аймагындагы айрым жолдордун бөлүктөрү унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылган. Ош – Баткен – Раззаков унаа жолунун Охна бөлүгү, ошондой эле Жийделик – Ак-Кыя жана Бел-Божой унаа жолдору тазаланып, каттам 2 тараптуу ачылды.

Учурда Коргон – Чаувай унаа жолу убактылуу жабык. Тазалоо иштери жүрүүдө. Ошондой эле Айгүл-Таш – Согмент – Таян унаа жолунда каттам үчүн кыйынчылык жаралууда.

Тазалоо иштери уланууда.

Вам также может понравиться...

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *